Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Копенгагендеги жыйында төрага алмашты


Алар Улуттар уюмунун климаттын өгөрүшү боюнча жыйынынын төрагалыгы Даниянын тышкы иштер министри Конни Хедегордун ордуна Даниянын премьер-министри Ларс Лекке Расмуссенге өттү. Анын себеби айтылган жок.

Бийликтердин маалыматы боюнча, бүгүн полиция жыйын өтүп жаткан имаратка бараткан демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду. 100дөй адам камакка алынды. Жыйындын катышуучулары жума күнгө чейин абаны булгоону азайтуу боюнча бир жыйынтыкка келиши керек. Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун бирин-бири күнөөлөп, ишти созо турган учур өткөнүн айтты. Ал арада Дүйнө лидерлери жыйынга катышуу үчүн чогулууда. 120 лидердин арасында Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама да бар.

Эки күн мурда өнүгүп келаткан мамлекеттер менен өнүккөн өлкөлөрдүн ортосундагы пикир келишпестиктен улам жыйын үгүлтүккө учурап, кийин иш кайра уланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG