Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Орус укук коргоочуларына А.Сахаров сыйлыгы тапшырылды


Европа парламенти уюштурган эл аралык Андрей Сахаров атындагы сыйлык 2009-жыл үчүн орусиялык «Мемориал» уюмунун укук коргоочулары Людмиле Алексеевага, Олег Орловго жана Сергей Ковалевго бүгүн Страсбургда тапшырылды. Европарламенттин президенти Ежи Бузек сыйлыкты тапшырып жатып «Мемориалдын» кызматкерлеринин эрдигине, анын ичинде июлда Чеченстанда киши колдуу болгон Наталя Эстемированын элесине арналаарын билдирди. Сыйлык академик жана ири демократ Андрей Сахаровдун көзү тирүүсүндө эле 1988-жылы уюштурулган.

XS
SM
MD
LG