Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:25

Копенгагенде кызыл чеке талаш


Даниянын борборунда өтүп жаткан Улуттар уюмунун климаттын өгөрүшү боюнча жыйынында Африка менен Түштүк Американын жарды мамлекеттери нааразылыгын айтышты. Сенегалдын президенти Абдулай Вад өнүккөн мамлекеттерди алардын үмүттөрүнө суу сээп атканы үчүн айыптады. Ал эми Боливиянын президенти Эво Моралес менен Венесуеланын мамлекет башчысы Уго Чавес бай мамлекеттерди «дүйнөлүк империалисттик диктатура» орнотуп жатканы үчүн сынга алышты. Германиянын жаратылышты коргоо министри Норберт Ретхен курамына Улуу Британия, Германия жана башка төрт мамлекет кирген 25 өлкө абалдан чыгууну талкуулаганын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG