Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:06

БУУнун Копенгагендеги саммитти туңгуюкка кептелди


Шаршембиде Түштүк Африканын жана Түштүк Американын лидерлери саммитте сүйлөп, өнүккөн мамлекеттер “дүйнөлүк империалдык диктатураны” түзүп жатышат деп айыпташты. Өнүккөн мамлекеттер айтылган убадаларды аткарбай жатышканы кошумчаланды. Ушул эле күнү өнүккөн алты мамлекет – Австралия, Британия, Франция, Жапония, Норвегия жана АКШ – эми өнүгүп келаткан жумурияттарда токойлорду калыбына келтирүү ишине алдыдагы эки жылда 3,5 млрд.доллар бөлүүнү макулдашышты. Бул – Копенгагенде өтүп жаткан конференциянын жалгыз жетишкендиги болуп калууда. Анын катышуучулары азырынча Киото протоколунун оордун баса турган келишимге жетише элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG