Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

ЖК Баш мыйзамды өзгөртүүнү Конституциялык сотсуз талкуулабайт


Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жетекчиси Зайнидин Курманов Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзамдын долбоору Конституциялык соттун бүтүмү келмейинче парламенттин жалпы кароосуна коюлбай турганын "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, аталган комитет кечээ долбоордун процедуралык жактарын караган. Конституциялык сотко долбоорду жөнөтүү үчүн атайын токтом даярдалат, дейт З. Курманов. Баш мыйзамдын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорго ылайык, прездинттин милдетин аткаруу укугу Президенттик кеңешмеге берилет. Азыркы Конституцияда эгер президент милдетин кандайдыр бир себептер менен аткара албай калса Жогорку Кеңештин төрагасы же өкмөт башчы аткарат. (EBM)

XS
SM
MD
LG