Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:54

Депутаттар Камбар-Атадагы жардырууга байкоо салышат


ЖК депутатары Камбар-Ата – 2 гидро электро станциясындагы 22-декабрга белгиленген чоң масштабдагы жардырууга байкоо салышат. «Ак Жол» фракциясынан депутат Юрий Данилов парламенттин бүгүнкү жыйынында бул көрүнүшкө жеринен байкоо салам деген депутаттарга чогуу уюшуп баруу сунушун киргизди. Гидротехникалык курулуштар дамбасын куруу үчүн уюштурулуп жаткан жардыруу москвалык «Союзгидроспецстрой» тарабынан ишке ашат. Жардыруу радиусу - 1,5 км. куура келээри кабарланууда. Камбар-Ата суу сактагычынын көлөмү 70 млн. кубметрди түзүп, дамба бийиктиги 65 метрге жетет. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG