Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

Алайда И. Исаковдун тарапкерлери акцияга чыгышты


Алайда райондук акимчиликтин алдында бүгүн мурунку коргоо министри И.Исаковдун элүүгө чукул тарапкерлери митинг уюштурушту. Митинг катышуучулары “И.Исаковго карата адилет өкүм чыгарылып, ал акталсын” деген талаптарды коюшту. Эртең мененки саат ондор чамасында башталган акция бир жарым саатка созулду. Митингчилер белдүү оппозиционерлердин бири Исмаил Исаковго карата саясий куугунтук токтотулбаса, ушул өңдүү баш ийбөө акциялары улана берерин эскертишти. Алай райондук администрация өкүлдөрү бүгүнкү акцияга 10-15 адам гана катышканын маалымдап жатат. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG