Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

“Кыргызстан” авиакомпаниясы 3 гезитти сотко берет


“Кыргызстан” авиакомпаниясы “Асман”, “Лица” жана “Трибуна” гезит жетекчилерин сотко берип жатат. “Кыргызстан” аталган массалык маалымат каражаттарын авиакомпанияны каралоо боюнча жалган маалыматтарды таратканы үчүн сотко берүүдө. Бул тууралуу “Кыргызстан” авиакомпаниянын юристи Айбек Жанузаков маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, аталган басма сөз каражаттары авиакомпаниянын учактары техникалык жактан начар абалда экендиги тууралуу жалган маалымат таратып, туура эмес цифралык көрсөткүчтөрдү келтиришкен. Аталган гезит жетекчилери азырынча бул туурасында түшүндүрмө берише элек. Ал арада “Кыргызстан” авиакомпаниясынын коммерциялык директору Бакыт Момбеков аталган авиакомпанияга басма сөз аркылуу жана Эсеп палатасы тарабынан кысым орун алып жатканын билдирүүдө. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG