Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

Кыргызстанда ыктыярчылардын маалыматтык базасы түзүлөт. Бул база ар кандай уюмдар менен ыктыярчылардын ортосундагы байланышты бекемдейт. Уюмдар жана ыктыярчылар базадан акысыз түрдө каттоодон өтө алышат. Эми алар өз кызыкчылыктарына жараша бири-бирин жеңил жол менен таба алышат.

1-курстун студенти Максат Качкынбек уулу ыктыярчы болуп 2005-жылдан бери иштеп келет. Ал учурда “Ак-Өргө” жаштардын демилгечи тобун жетектейт. Өзү жетектеген топто 5-класстын окуучусунан тартып 2-курстун студенттерине чейин ыктыярчы катары иштешет. Алар мектептеги каракчылык, жаңы конуштардагы тазалыкты сактоо, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүү жана башка багытта иш алып барышат.
4 жыл ичинде ыктыярчылардын имиджи да көтөрүлдү. Азыркы тапта суроо-талап да жогорулап жатат.


Максаттын айтымында, иштей турган багыттар, жаңы долбоорлор топко мүчө ыктыярчылар менен чогуу иштелип чыгат. Даяр долбоор менен эл аралык уюмдардын сынагына катышып, бир топ жолу утуп чыгышкан.

- Рэкетчилик боюнча мектепте окуп жүргөндө өзүбүз да жапа чеккенбиз. Ушул долбоордун алкагында ыктыярчы болуп иштегендердин көбү да рэкетчиликтин курмандыгы болгон, жапа чеккен балдар болду. Бул маселени толук жок кыла албасак да, Ак-Өргө жаңы конушунун жаштарына түрткү болду жана кичине болсо да ойлоно баштады. Долбоордун алкагында тегерек үстөл, семинарларды өткөрдүк. Анын азайышына салымыбызды коштук деп ойлойм.

Карыларды сыйлаган ыктыярчылар

Кыргызстанда волонтер, кыргызча ыктыярчы деген түшүнүк жакынкы эле жылдарда пайда болгону менен, алардын жасаган иштери мурда эле бар болчу. Айрыкча мектеп окуучулары өз айылындагы кары-картаңдарга, жалгыз бой ата-энелердин үйүнө барып, жумушун жасап, жардам берип келчү. Бирок анда ыктыярчыларды жардамчы катары кабылдашчу.
Кыргызстанда соңку мезгилдерде ыктыярчы болуп иштеген, же иштегиси келген жаштардын саны көбөйдү.


Азыр түшүнүк бир аз башка. Азыр ыктыярчы болуп иштеген адамда келечекте чоң мүмкүнчүлүк ачылат. Биздин кийинки маектешибиз Кеңешбек Сайназаров да убагында кесиптик жолун ыктыярчы болуп иштеп баштаган. Бул анын кесиби үчүн чоң жол ачып берген:

- Мен 1993-94-жылы өзүмдүн карьерамды ыктыярчы болуп баштагам. Ошондуктан буга өзгөчө маани берем. Ыктыярчы болуп иштеп жүргөн мезгилимде досторумдан айырмаланып, факс иштеткенди, компьютерде иштегенди, электрондук почта менен кат жазганды билчүмүн. Ал кезде булар абдан чоң жетишкендик, укмуш нерсе болчу. Ошого таянып кесиптик жолумду оңой баштап кеттим.

Каалоочулар көп, бирок укуктарын ким коргойт?

Кыргызстанда соңку мезгилдерде ыктыярчы болуп иштеген, же иштегиси келген жаштардын саны көбөйдү. Мурда ыктыярчылар менен уюмдар бири-бирин табыш үчүн Бириккен Улуттар уюмунун жаштар программасына келип, колго анкета толтурушчу. Эми алар өз кызыкчылыктарына жараша бири-бирин жеңил жол менен таба алышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” БУУнун жаштар программасынын адиси Бакытбек Азимбаев токтолду:

- Биз бул процессти оптимизациялап, интернетке жайгаштырып жатабыз. Бул уюмдар менен ыктыярчылардын ортосунда бир топ жеңилдиктерди алып келет. Чындыгында жаштар арасында ыктыярчы болуп иштегиси келген жаштар көп. Бирок алар кайда барып, кантип иштегенди билишпейт. Төрт жыл ичинде ыктыярчылардын имиджи да көтөрүлдү. Азыркы тапта суроо-талап да жогорулап жатат. Маалымат базасында ыктыярчылар керек деген отуздан ашуун уюм, 120дан ашуун ыктыярчы катталган.

Деген менен ыктыярчылар мунун башка өңүтүн да көтөрүп чыгууда. Бул тууралуу Эмгек, жумуш жана миграция министрлигинин алдындагы Жаштар департаментинин жетекчиси Айдар Жоробеков айтып берет:

- “Жаштар саясаты жөнүндө” мыйзамда биринчи жолу ыктыярчылардын иши тууралуу түшүнүк берилип кеткен. Бирок жаштар ыктыярчы болуп иштеп жүргөн убакытты иш тажрыйбасына киргизилсе деп айтышат. Бирок мыйзамда буга жол бербейт. Иш тажрыйбасына кошулуш үчүн айлык акы, салык төлөнүш керек. Ушул сыяктуу маселелер бар. Албетте муну сүйлөшүш керек, талкуулаш керек. Негизинен жаштар активдүү демилге көтөрүп, ыктыярчы болуп иштөөнү каалаган жаштардын көбөйүшү жакшы көрүнүш.

Адистер жылдан жылга ыктыярчы болуп иштегиси келген жаштардын көбөйгөнүн белгилеп, бирок алардын укуктары аныкталып, атайын мыйзамга киргизилсе деген демилгени көтөрүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG