Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Орусия НАТОнун Ооганстандагы миссиясына жардам бериши ыктымал


Орусия НАТОнун Ооганстандагы аракеттерине кол кабыш кылышы мүмкүн. Бул тууралуу альянстын баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Москвадагы сапарын аяктап жатып билдирди. Шаршембиде баш катчы президент Дмитрий Медведев менен жолугушуу маалында НАТОнун Ооганстандагы миссиясына жардам берүү Орусиянын кызыкчылыгына дал келет деп белгилеген. Ооганстандагы операция өтөлүнө чыкпаса, региондогу терроризм коркунучу күчөйт, деди Расмуссен. Ал Орусия тик учактар менен камсыздоо, Ооганстандын аба күчтөрүн жана полициясын машыктыруу жагынан көмөк бере алат деп тактай кетти. Расмуссен НАТО Европадагы коопсуздук жөнүндөгү жаңы келишимге муктаж эмес деп кошумчалады. Москва сунуш кылган документ тараптарды өз коопсуздугун башка мамлекеттердин эсебинен бекемдөөдөн баш тартууга үндөйт. Бул – Расмуссендин баш катчы болуп шайлангандан бери Орусияга алгачкы сапары.

XS
SM
MD
LG