Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Стратегиялык куралдар боюнча келишимге бул аптада кол коюлбайт


Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Орусия менен АКШ өзөктүк куралды кыскартуу боюнча келишимге бул аптада кол койбошу мүмкүн. Эки өлкөнүн лидерлери эртең Копенгагенде климат боюнча саммитке катышып, ал жерден жолугушуу өткөрүшөт деп күтүлүүдө. Министр бир топ "техникалык иштер" дагы бүтүрүлүүгө тийиш деп билдирди. АКШ расмий адамдары да документке Копенгагенде кол коюу пландары жок экенин ырасташты. Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишимине 1991-жылы кол коюлган, анын мөөнөтү 5-декабрда соңуна чыкты. Лавров америкалык тарап соңку күндөрү мунасага жетүү үчүн анча аракет көрбөй жатат деп күнөөлөдү.

XS
SM
MD
LG