Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

Вашингтон менен Исламабаддын ортосун кара мышык аралады


Пакистан аскерлери талиптер бомбалаганы шектелген кыздар мектебинде, 14-декабр, 2009-жыл.

Пакистан аскерлери талиптер бомбалаганы шектелген кыздар мектебинде, 14-декабр, 2009-жыл.

Пакистандын президенти ушул аптада америкалык кесиптешинин Пакистан армиясынын согуштук операцияларын ал-каидачылар менен талиптер баш баанек тапкан аймактарга кеңейтүү өтүнүчүн четке каккан эле. Бул окуя эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык кызматташтыкка дагы сокку урду.

Пакистандын Ооганстан менен чек арасына танапташ жаткан жерлерди ал-каидачылар менен талиптер бийлейт деп саналат. АКШнын президенти Барак Обама өткөн айда Пакистандын мамлекет башчысы Асиф Али Зардариге жеке өтүнүч менен кайрылып, мына ушул аймактардагы согуштук аракеттерди күч алдырууну суранган эле.

Пакистандык генералдар жана дипломаттар билдиргендей, Зардари Обамага «ошондо эле исламчыл экстремисттерге карата өлкө Вашингтон каалагандай эмес, өзү пландагандай убакта чара көрөт» деп жооп берген.

Аталган аймактарда үстөмдүк кылган Жалалудин Хаккани менен анын уулу Сираж Хаккани ушунчалык таасирлүү болгондуктан, америкалыктар кетсе, Хакканилер бийликке келбесин деп чочулаган Исламабад алар менен ымалаш мамиледе болууну артык көрүүдө.

Пакистандагы диний экстремисттер менен күрөш Обаманын Ооганстан-Пакистан стратегиясындагы эң маанилүү маселердин бири болгондуктан, Исламабаддын аны колдоодон баш тартышы эки өлкөнүн келечек алакасынан күмөн туудурууда.

«Нью-Йоркт Таймстын» жазышынча, өткөн айда америкалыктар Пакистан армиясын жана коопсуздук күчтөрү талиптерди тез арада теске салбаса, АКШ бул ишти өзү колго алаарын эскерткен. Ак үйдөн бул ультиматум эмес дешкени менен Обама террористтерге баш баанек берүүгө тикелей каршы экендигин эске алганда, Вашингтон менен Исламабаддын алакасы туңгуюкка кептелди.

Стефан Коэн Вашингтондогу Брукиңз институтунда тышкы саясат боюнча улук изилдөөчү. Анын пикиринде, азырынча Пакистан менен Кошмо Штаттарынын стратегиялык мамилесине анчалык коркунучтуу жарака кете элек:

– Мен Вашингтон администрациясынын өкүлдөрүнөн сураганда, орток алака такыр үзүлүп кала турган чекке жете элек экендигине ынандым. Ошол эле мезгилде террористтер менен козголоңчулар Пакистандын аймагын пайдаланып жатканына биз буга көз жуумуп койо албайбыз.

Пакистанды ыкка келтирүү үчүн АКШнын Конгресси Пакистанда мектеп, ооруканаларды куруп, дагы башка өнүктүрүү иштерин жүргүзүүгө беш жыл ичинде 7.5 миллиард доллар бөлүү тууралуу Ак Үйдүн өтүнүчүн канааттандырган эле. Мындан тышкары, «Нью-Йорк Таймска» ишенсек, Барак Обама Пакистандын аскердик жана жарандык жетекчилигине «чектелбеген» мүмкүнчүлүктөрдү убада кылган. Башкача айтканда, Исламабад кандай сунуш киргизсе да, Вашингтон ага макул болмокчу.

Бирок Вашингтон жогоруда аталган 7.5 миллиард доллардык жардамдан Пакистан армиясына каражат бөлүүгө тыкыр шарт койгондо, пакистандык айрым генералдар чалкасынан кеткен. Азыр эми Пакистан АКШ менен канчалык шерик боло алат деген маселе кабыргасынан коюлууда:

- Ак үйдөгүлөрдүн көңүлү тынч эмес, биз билгенден, Пакистанда америкалыктарды канчалык жек көрүшсө, Зардарини да ошончо жек көрүшөт. Азыр биз Ооганстанда согушту улантып, Пакистанды да согушка түртүп жатабыз. Бирок бул эки өлкөнүн тең жетекчилерин эл сүйбөйт.

Бул аз келгенсип, ушул шейшембиде Пакистан армиясынын жана коопсуздук кызматтарынын айрым бөлүмдөрү «америкалык дипломаттарды кысмыкка алуу» кампаниясына тартылган деген кеп тарады. «Нью-Йорк Таймстын» жазышынча, бул өнөктүктүн чегинде 100дөн ашык америкалык расмий өкүлгө виза берилбей, ошондой эле ири шаарларда америкалык дипломатиялык унааларды тинтүү көбөйгөн.

Коэндин көз карашында, аскерий айрым аракеттер боюнча айырмачылыктарга карабастан, Вашингтон Пакистанга муктаж. Бирок Пакистан моюнга албаганы менен, ал да ашынган экстремисттерди бийликке келтирбөө үчүн АКШнын жардамына көз каранды.
XS
SM
MD
LG