Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

АКШ жаңы фондго салым кошууга даяр


Кошмо Штаттары жер абасынын ысышына каршы күрөшүү үчүн кедей өлкөлөргө жардам берчү фондго салым кошууга даяр. Бул тууралуу Копенгагенде өтүп жаткан саммитте Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон билдирди. Бул аралыкта дүйнө лидерлери саммиттин жыйынтыктоочу жыйыныдарына катышуу үчүн Дания баш калаасына чогулушууда. Бүгүн сөз сүйлөгөн Иран президенти Махмуд Ахмадинежад бардык өлкөлөр атомдук энергия, шамал, күн энергиясы өңдүү ресурстарды пайдалануу укугуна ээ болууга тийиш деди. Саммит жума күнү аяктоого тийиш. Бирок корутунду документ боюнча мунаса табыла элек. Бай жана жакыр өлкөлөр климаттагы өзгөрүүлөргө, атап айтканда аба ырайынын ысышына каршы күрөшүүгө кеткен чыгымдарды бөлүштүрүү маселесинде бир пикирге келе албай жатышат. АКШ президенти Барак Обама Копенагенге 18-декабрда келет деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG