Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Петровка окуясы боюнча күбөлөрдү суроо уланат


Белгисиз себептерден улам кечээ Москва райондук соту ишти териштирүүнү бүгүнкүгө жылдырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жашылдар” партиясынын өкүлү Наргиза Абдылдаева билдирди. Петровка окуясы боюнча жалпысынан үч жүздөн ашуун киши күбөдөн өтүүдө. Ушул тапта алардын элүүдөн ашыгы көрсөтмө беришти. Быйыл апрель айында Петровкада күрт улутундагы жигит кичинекей орус кызды зордуктады деп жаалданган эл күрттөрдүн айылдан көчүп кетишин талап кылган. Бир нече үйлөр талкаланган. Тополоңго тиешеси бар деп “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев, укук коргоочулар Сапар Аргымбаев жана Уран Рыскулов камакка алынган. Айыпталып жаткандар бул иш-аракеттерди бийликтин куугунтугу катары сыпаттап келишет. (EBM)

XS
SM
MD
LG