Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:06

Жазуучулар тобу курултай чакырууну талап кылууда


Кыргызстан жазуучулар биримдигиндеги жаңжалдарга чекит коюу үчүн курултай чакыруу керек. Мындай талап менен 39 жазуучу чыкканын алардын бирөөсү Кожогелди Култегин билдирди. Анын айтымында, аларды 17-декабрда маданият боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Султан Раев кабыл алып, чатакташкан тараптарды сүйлөшүүгө алып келүүгө аракет жасаларын билдирди. Белгилүү болгондой Кыргызстан Жазуучулар биримдигинин төрагасы Омор Султанов быйыл май айындагы пленумда бошотулганын Абдырахман Алымбаев башында турган топ жарыялаган. Бирок жазуучулардын дагы бир бөлүгү Алымбаевдер өткөргөн пленумга Жазуучулар башкармалыгынын 33 гана мүчөсү катышканын, ал эми кворум болуш үчүн кеминде 46 мүчө катышыш керектигин айтып, ич ара чатактарга, келишпестиктерге чекитти курултай гана коет деп, курултай чакырууну талап кылууда. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG