Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:36

Чолпон-Ата шаарындагы көп кабатуу үйлөрдөн таза суу чыкпаганына 10 жылдан ашык убакыт өттү. Жашоочулар кум аралашкан ылай суу жылуулук өткөрчү түтүктөрдү жараксыз кылганын айтышууда. Айрым үйлөрдө 10 күндөн бери суу да, жылуулук берүү да токтоп, электр кубатын пайдалануу күчөгөндүктөн чыңалуудан электр жарыгы да өчүп калууда. Тиешелүү мекемелер бул көйгөйгө жашоочулар өздөрү күнөөлүү деп жатышат.

Чолпон-Ата шаарындагы көп кабаттуу үйлөр дааратканага келчү сууну ичүүгө пайдаланганына 10 жылдан ашык убакыт өттү. Тиешелүү мекеме кызматтар жыл сайын убада берген менен чечилбей келатат.

Чолпонаталык тургун Рыскүл суу түтүгүн ачып, ылай кум аралашкан сууну көргөздү.
Таза суу маселеси көйгөй боюнча турганын мойнуна алган Ысык-Көл районунун санитардык башкы врачы Малик Мамбетов шаардык суу башкармалыгы бул кемчилиги үчүн сөгүш алганын билдирди. Суу башкармасынын начальниги Н.Горбов өз кезегинде шаарда 59 млн сомдук суу чыпкалоочу курулуш башталганын айтты. Шаар башчысы Нурлан Насирдинов мындан 2 жыл мурда эле жапондордун гранты менен таза суу маселеси чечилерин убада кылган болчу.

Калк эң көп жашаган 3-кичи районунда жашоочулар жергиликтүү бийлик элди шайлоого гана пайдаланып, калган убакытта унутта калтырганына нааразыланды.

Шаар башчысы Насирдинов адеп шайланганда баарын оңдоп жасап берем деген, Горбов деген суу башкармасы да шаарга депутаттыкка өтүп атканда убада берген. Президенттик шайлоону болсо мажбурлап эле ошону шайла деп атып шайлатты эле кана. Жылуулук менен жарык жок. Илгерки жашоого кайра келдик.

№100 үйдө 10 күндөн бери жылуулук да, суу да жок экенин андагы жашоочулар ырастады.

Вера: - Ысык суу, муздак суу жылуулук жок. Айла жок жашоо. Подвалдагы трубалар жарылыптыр, аны ширетмейинче кайра агат да.Сууну сордуруп койгондон эмне пайда. 5 кабаттуу үй кулаганы калды. Караңызчы подвалга толгон суу дубалдын түбүн жеп барат. Укташ да коркунучтуу болуп калды. Кичине жер силкинсе эле, кулап түшөт. Баарына айтып атып жаман көрүндүк.

Көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы жылуулук жана суу өткөрчү түтүктөрду жашоочулар өздөрү туура эмес пайдаланганын суу чарба башчысы Н.Горбов чечмеледи:

- Унитазга койдун ичеги карынын шыйрактары кездемелер, түрлүү таштандылар төгүлгөнүнө күбө болдук. Анын баары подвалдагы түтүктөргө тыгылып, жарылган. Эл өзү кайдыгер болуп атат да.

Жылуулук менен ысык-сууну тарата турган крандар ошол суу толгон таштанды подвалдын алдына калгандыгын көрсөткөн жылуулук ишканасынын башчысы Б.Найманбаев да ага элди күнөөлөдү.

- Мынакей канализациянын таштанды суусу толуп кеткен. Биздин балдар кантип кирет. Мүмкүн эмес. Ток тартып өлбөйбү. Демек водоканал сууну сордуруп тазаламайынча жылуулук бере албайбыз.

Суу чарба жана жылуулук адистери шаардагы бир эле үй суу акысына 200 миң сом , жылуулукка 1 млн сом карыз экенин маалымдашты. Жергиликтүү жашоочулар болсо квартираларды сатып алып коюп, акы төлөбөй шаарга көчүп кеткендер элдин убалына калып атканын айтышты. Ал эми көп кабатту үйлөрдүн алдындагы жылуулук жана суу өтчү түтүктөрдү ремонттоону суу башкармасы менен жылуулук ишканасы бири-бирине түртө салып атат.
XS
SM
MD
LG