Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

АКШ жана Орусия президенттери жолугат


Америкалык расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, президенттер Барак Обама менен Дмитрий Медведев Копенгагендеги саммит учурунда жолугат. Кездешүүдө өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү талкууланмакчы. Ал эми орусиялык Интерфакс кабар агенттигинин бүгүн дипломатиялык булактарга шилтеме жасап маалымдаганына караганда, эки тарап келишимдин жоболорун макулдашкан. Бул боюнча расмий жарыя жакын арада жасалат.

АКШ менен Орусия Стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча 1991 –жылы түзүлгөн келишимди алмаштыруу аракетин көрүп келүүдө. Ал документтин мөөнөтү 5- декабрда аяктаган. Барак Обама менен Дмитрий Медведев быйыл июлда Москвада болгон саммит учурунда эки өлкөнүн өзөктүк дүрмөттөрүнүн санын алдыдагы жети жылдын аралыгында 1500ден 1675ке чейин кыскартууну макулдашкан болчу. Эми ошол макулдашуу жана аны ишке ашыруунун механизимдери учурда сүйлөшүлүп жаткан келишим долбоорунда каралуусу керек.

XS
SM
MD
LG