Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

Кытай борборунда унаалар саны 4 миллионго жакындап калды


Бирок унаалардын көбөйүшү менен абанын булгануусу күчөйт деген кооптонуулар да жаралууда. Мамлекеттик “Сhina Daily” гезитинин бүгүн жазганына караганда, Бээжинде расмий катталган унаалар саны 3,99 миллионго жетти жана күнүнө алардын саны 1000ге көбөйүп жатат. Мамлекеттик гезиттин маалыматында белгиленгендей, автоунаалар санын тез өсүүсү абаны олуттуу булгоо менен борбордо чыдоого болбой турган тыгын жаратууда. Бир катар эсептерге караганда, Кытай - булганыч газдардын эң ири бөлүп чыгаруучусу, бирок калктын жан башына бөлө келгенде али да Батыш өлкөлөрүнөн ылдыйда турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG