Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:47

Ө.Текебаев: Г.Павлюк алтынчы кабаттан ыргытылышы мүмкүн


“Ата-Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бүгүнкү “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, Геннадий Павлюк мындан үч-төрт күн мурун аны менен келечекте аткарыла турган маалымат тармагындагы долбоорлор боюнча пикир алышкан. Ал өз алдына бир топ долбоорлорду коюп, аны аткаруу боюнча иштерди жүргүзүп жаткан. “Ата- Мекен” партиясынын активисттери 20-декабрда Алматыга сапар алышат. Алар Геннадий Павлюктун абалы менен жеринде таанышмакчы.

Казакстан маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк шаршемби күнү Алматыга барып, мейманканага токтогон. Бирок кимдир-бирөөлөр көп кабаттуу үйгө чакырып барып, андан кийин алтынчы кабаттан ыргытып жибериши мүмкүн. Кыргызстан Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитовдун маалыматы боюнча, Геннадий Павлюк менен 16-декабрда болгон окуя боюнча Алматы милициясы кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүдө. Павлюктун өзү ооруканада жана анын абалы оор бойдон калууда. Ал өзүнө келе элек. Геннадий Павлюк өлкөдөгү белгилүү журналисттерден. Ал Россиянын "Аргументы и факты", "Комсомольская правда" гезиттери менен кызматташып келген. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG