Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

Таласта электр акысынын кымбатташына каршы элден кол топтолот


Таластагы укук коргоочулар энергия кубатынын баасын көтөрүүгө каршы элден кол топтоп, өкмөткө кат аркылуу кайрылышмай болушту. Алар бул жөнүндө бүгүн Бишкектен келген Төлөйкан Исмаилова баштаган менен өткөн жыйында билдиришти. Жолугушууда сүйлөгөндөр энергетика тармагында коррупция күч алып, ар бир киловаттын өздүк наркы 20 тыйын болсо, аны өкмөт бир жарым сомго чыгарып сатып жатканына нааразылык айтышты. Акыркы 10 жылдан бери энергетика тармагына эл аралык каржы уюмдары аркылуу берилген 93 млн доллар каражат кайда кетти деген суроолор көтөрүлдү. (UA)

XS
SM
MD
LG