Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Мумбайга кол салган пакистандык сотто көрсөтмөлөрүнөн баш тартты


Жакшы куралданган он согушкер былтыр ноябрда Индиянын ишкер борбору катары эсептелген Мумбай шаарына кол салганда 170дей адам каза тапкан. Кол салгандардын тогузу Индиянын коопсуздук күчтөрү менен атышуулар учурунда жок кылынып, бирөөсү туткундалганы жарыяланган. Индия бийликтери Мумбайдагы террордук чабуулга тиешеси бар деп камаган Ажмал Касаб күнөөсүн моюнга алгандыгы быйыл июлда айтылган. Пакистандагы согушчан топтун өкүлү деп эсептелген Ажмал Касабга индия бийликтери жалпы жонунан 86 айып коюшкан. Бирок соттун бүгүнкү жараяны учурунда ал мурда берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, абакта айткандары жалган экенин жана ал көрсөтмөлөрдү “басым” астында бергенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG