Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

2009-жылдын илимий-технологиялык ачылыштары


Швецарияда окумуштуу Чоң Хадрон Күүлөнткүчтөн протондун учушун карап турат.
Швецарияда окумуштуу Чоң Хадрон Күүлөнткүчтөн протондун учушун карап турат.

Быйыл илим жана технология бизге дүйнөнү жаңыча түшүнүүгө жаңыча жол ачты. Илимпоздор протондорду кагыштырып, заттын жашыруун сырын түшүнүүгө жакындап келишти. Иран менен Молдовада демонстранттар нааразылык акцияларына Твиттер аркылуу чогулушту, кээде изилдөө иштерине каражат тартыш болгон менен, ВИЧ инфекциясына бөгөт болуучу келечектүү вакцина табылды.

Бир кездерде атомду дүйнөдөгү эң кичинекей бөлүнбөс бөлүкчө деп санашкан, азыр эми анын ички түзүлүшүн изилдөөнүн жаңы жолу табылды. 2009-жылдын декабрында Чоң Хадрон Күүлөндүргүчү ишке киргенде ушул багытта зор кадам ташталды.

Техникалык кыйынчылыктар жөнгө салынгандан кийин, Франция менен Швецариянын чек арасында жайгашкан бул түтүктүн ичинде протондун нурлары рекорддук 1.2 триллион электрон волт ылдамдыкта күү менен ыргытылды. Бул ийгилик менен атомдун бизге бейтааныш бөлүкчөлөрүн гана эмес, балким биздин ааламдын өзүн да түшүнүүгө жаңы мүмкүнчүлүк ачылды.

Ролф Хойер аталган долбоорду тейлеген Европалык Ядролук Изилдөө уюмунун жетекчиси:

- Чоң Хадрон Күүлөнткүч бизди бул ааламдын алгачкы мезгилин түшүнүүгө абдан жакындатат. Биз бул ааламдын 95 пайызын да билбейбииз да, түшүнбөйбүз, ал биз үчүн караңгы аалам, ал эми Чоң Хадрон Күүлөнткүч бул караңгы ааламга алгачкы нур чачат.

Протондор жер астында кыйма-чийме зуулдап учуп жүргөндө, жер үстүндө да бизди таң калтырган технологиялар иштеп жатты. 2009-жылы интернеттеги кыпын-блог баракчасы болгон «Туиттер» миллиондордун турмушун өзгөрттү. Жыл соңуна чейин ай сайын 60 миллион киши пайдаланган бул сайтын саясий ролу зор болду. Апрелде Молдовада жана июнда Иранда демонстранттар «Туиттердин» жардамы менен мамлекеттик цензуранын тосмолорун кыйратышты.

Браян Чен Уайед.ком деген аталыштагы технологиялык сайттын кабарчысы:

Үч жыл мурда иштей баштаган «Туиттерди» колдонгондор 2009-жылы укмуштуудай көбөйдү. Ал аркылуу элдер жарандык журналистиканы эң жогорку деңгээлде аркалап жатышат. Баарынан да маселенин саясий өңүтү кызык болду. Анткени биз адатта өз оюн ачык айта албаган адамдарга сөз бердик. Дигиталдык демократиянын маңызы ушунда экен, ар кимде интернет жана «Туиттер» болсо, маалымат менен чексиз алмаша алат.

Иран: "Туиттер" сайтында Тегеран университетинин студенттери жайгаштырган сүрөт, алдында "Мир Хосеинин колдоочусу" деген жазуу бар. 17-июн, 2009-жыл.

2009жылы «Туиттердин» «туит» кабарлары смартфон же телефон менен компютерди «баш коштурган» акылдуу фондон жиберилди. Мындай «акылфон» бизге ойго келбеген мүмкүнчүлүктөрдү берет. Аны көккө каратсаңыз, «Эпплдын» Чөнтөк Универсал программасы сиз кайсы жылдызды карап турганыңызды айтып берет, ал эми угуп жаткан ырыңызды ким ырдаганын Шазам программасы таап чыгат. «Эпл» компаниясы ойлоп тапкан бул программаларды бул жылы пайдалануучулар бир миллиард жолу көчүрүп алышты, ал эми программалардын саны 100 миңден ашты.

Бирок акылфондон да чарчагандар 2009-жылы китеп окушту, тагыраак айтканда китептин текстин интернеттен көчүрүп алышты. Буга мүмкүндүк берген дигиталдык жабдык «Киндл» деп аталды. Сыртынан китепке окшош, бетинде экраны бар төрт бурч пластик жабдыкка бир салганда 1500 дигиталдаштырылган китепти салып алса болот. Алардын көбүн бир мүнөткө жетпеген убакта интернеттен көчүрүп аласыз. Кадимки кагазга басылган китепке не жетсин, бирок дигиталдык китеп беркисинен кыйла арзан турат.

Дүйнөлүк лабораториялардан жогорку технологиялардан тышкары козу карындан жасалган, демек жаратылышты булгабай турган биополистирен, өнөр-жайда сууну меркурийден тазалоочу дары ойлонуп табылды. Чочко сасык тумоосунан жүрөксүгөндөр үчүн бактериялар менен вирусту дээрлик өткөрбөгөн биологиялык бет-чүмбөт тигилди.

Киндле - бул дигиталдык китепте 1500 китепти "салып"


Саламаттыкты сактоо жаатындагы эң ири ачылыш - ВИЧ инфекциясын жуктуруп алуу коркунучун 31 пайызга төмөндөткөн вакцина болуп калды окшойт. Таиланддык 16 миң волонтер менен үч жыл жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы жарыяланганда, айрымдар анын легитимдүүлүгүнөн күмөн санаган менен, башкалар бул ачылышты ВИЧ менен күрөштөгү бурулуш деп даңазалашты.

2009-жылды Бириккен Улуттар уюму Илимий Төңкөрүштүн Атасы Галилео Галилейдин ачылыштарынын 400 жылдыгына карата Астрономиянын эл аралык жылы деп жарыялаган. Быйыл ошондой эле НАСАнын бир нече сынактары ийгиликсиз аяктаган менен, май айында космоско жиберилген Планк Обсерваториясы Чоң Жарылуудан кийинки миңдеген жылдардан бери калган радиациянын космостук микро-толкунун изилдей баштады. Обсерваториянын Жогорку Жыштык аспабы минус 273 градуска муздатылды. Космосто мындан муздак эч нерсе таба албайт болушуңуз керек. Бул шартты сиздин акылдуу смартфонуңуз да жарата албайт!

XS
SM
MD
LG