Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

Климат боюнча келишим долбоорунан акыркы мөөнөт алынды


БУУнун климат боюнча Копенгагенде өтүп жаткан конференциясынын жыйынтыктоочу документинин долбоорунан булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча аткарууга милдеттүү келишимге жетүүнүн акыркы мөөнөтү катары – 2010-жыл деген шилтеме алынды. Батыш маалымат агенттиктери кабарлагандай, текстке мындай өзгөртүү АКШ президенти Барак Обама дүйнө лидерлери менен экинчи чукул жыйын өткөргөн соң киргизилген. Обаманын маалымат катчысы Роберт Гибстын айтымында, ал жабык эшик артында Австралия, Британия, Франция, Германия, Жапониянын лидерлери менен кездешти. Жолугушууда абанын негизги булгоочуларынын катарында турган Кытай менен Орусия да болду. Бирок кытай өкмөт башчысы Вэнь Цзябао жогорку деңгээлдеги бүгүнкү жыйындардын экөөсүнө тең өзү келген жок, өкүлүн гана жиберди.

Барак Обама мунун алдында бүгүн конференциясында сүйлөгөн сөзүндө, эгер глобалдык климат боюнча макулдашуу жетишилсе, дүйнөнүн бир да өлкөсү каалаганынын баарын эле ала албасын белгиледи. Ал ошондой эле Америка “Копенгагенде эмне болгонуна карабай”, булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча милдеттемесин аткарарын кошумчалады. Ага катар кыскартуу кандай жүрүп жатканын текшерүү ишинде башка өлкөлөрдөн да ачык –айкындуулук керектигине токтолду:


-Биз убадалар кандай орундалып жатканын текшергидей механизмге ээ болушубуз жана маалыматты ачык –айкындуулук адатында алмашуубуз керек. Бул чаралар тааңууланбашы жана суверенитетке шек келтирбөөсү абзел. Анткен менен келишимдин ишенимдүүлүгүн жана биз милдеттемелерибизди аткарып жатканыбызды кепилдөөсү керек. Буга окшогон жоопкерчилик болбосо, келишим кандай экендигине карабай, кагаздагы гана курулай сөз болот.

Бүгүн БУУнун климат боюнча конференциясынын мамлекет жана өкмөт башчылары катышкан бөлүгүнүн мурда меречемделген акыркы күнү. Даниянын борборуна 100дөн ашуун өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары чогулду.

XS
SM
MD
LG