Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

АКШ жана Орусия өзөктүк курал боюнча жаңы келишим түзүүгө “бир топ жакындап” калды


Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама Копенгагенде, климат боюнча конференция учурунда орус президенти Дмитрий Медведев менен жолуккан соң билдирди. АКШ менен Орусия Стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча 1991-жылы түзүлгөн келишимди алмаштыруу аракетин көрүп келүүдө. Ал документтин мөөнөтү 5-декабрда аяктаган. Барак Обама жаңы келишимге жыл аягына чейин жетишүүнү көздөгөн эле. Бирок андай болчудай эмес. Орус президенти Дмитрий Медведевдин айтымында, эми алдыда “техникалык деталдарды” макулдашуу талап кылынат. Ал эми АКШ президенти жаңы документ “акыл-эске сыярлык” мөөнөттүн ичинде макулдашыларын белгиледи. Келишимге кол коюлуучу так мөөнөтү эки президент тең айткан жок

Барак Обама менен Дмитрий Медведев быйыл июлда Москвада болгон саммит учурунда эки өлкөнүн өзөктүк дүрмөттөрүнүн санын алдыдагы жети жылдын аралыгында 1500ден 1675ке чейин кыскартууну макулдашкан болчу. Эми ошол макулдашуу жана аны ишке ашыруунун механизимдери учурда сүйлөшүлүп жаткан келишим долбоорунда каралуусу керек.

XS
SM
MD
LG