Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

2010-жылдын бюджети талкууланат


Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитети БУУнун Өнүктүрүү долбоорунун жана Европа кеңешинин парламенттик долбоорунун көмөгү астында “Кыргыз Республикасынын 2010-жылга карата бюджети жана 2011-2012-жылдарга карата болжолу” аттуу мыйзам долбоорун ачык талкууламакчы. Ага бардык кызыкдар тараптар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, саясий партиялар, ишкерлер коомчулугу жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү чакырылууда.

Парламенттик угуу 21-декабрь күнү саат 11:00дө болмокчу.

Айта кетсек кечээ Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорду карап, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен биринчи окууда кабыл алган.

Ага ылайык 2010-жылга карата республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 51,6 (2009-жылы 48,1) млрд. сомду түзсө, чыгаша бөлүгү 65,2 (2009-жылы 52,5) млрд. сомду түзөт. Салыктык киреше – 41 млрд. сом. Ошону менен бирге, бюджет таңсыктыгы 13,5 млрд. сомдун тегерегинде болмокчу.

Эми ачык парламенттик угуудан кийин да кийинки жылдын бюджети боюнча мыйзам долбоорго өзгөртүү кирип калышы мүмкүн. (IJz)

XS
SM
MD
LG