Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:17

Г.Павлюктун абалын билүү үчүн делегаттар жиберилди


Кыргызстандын жарандык коомчулугу белгилүү журналист Геннадий Павлюктун абалын билүү үчүн үч делегат шайлап, Алматы шаарына жиберишти. Алар, “Ата-Мекен” партиясынан Алмамбет Шыкмаматов, “Интербилим” уюмунан Гүлнара Жороева жана адвокат Нурбек Токтакуновдор. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата-Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев билдирди.

Казакстандык маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда , кыргызстандык журналист Г.Павлюк шаршемби күнү Алматыга барып, мейманканага токтогон. Бирок кийинчерээк башка бир жердеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдынан оор абалда табылган. Алдынала болжолдого караганда, ал алтынчы кабаттан жерге ыргытылган болуусу ыктымал. Кыргызстан Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитовдун маалыматы боюнча, Геннадий Павлюк менен 16-декабрда болгон окуя боюнча Алматы милициясы кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүдө.

Геннадий Павлюк “Ак кеме” (Белый пароход) аттуу интернет гезитин түзгөн. Орусиянын “Аргументы и факты”, “Комсомольская правда” гезиттери менен иштешип келген. (IJz)

XS
SM
MD
LG