Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

Копенгаген келишими жактырылды


БУУнун Копенгагендеги конференциясы климаттагы өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү боюнча документти жактырды. Жыйын катышуучулары АКШ жана бир катар ири мамлекеттер тарабынан сунушталган документке макулдугун билдирген резолюция кабыл алышты. Анын алдында бир катар өнүгүп келаткан өлкөлөр келишимди четке кагышкан. Боливия, Венесуэла, Судан өңдүү өлкөлөр жер абасынын ысышына каршы күрөшүү боюнча келишимде белгиленген аракеттер жетиштүү эмес деп сындашкан. 2 жумага созулган саммит бир топ пикир келишпестиктер менен коштолду. Булганыч газдардын атмосферага бөлүнүп чыгышын кыскартуу чараларына кетчү чыгымдарды бөлүштүрүү маселеси өзгөчө көп талаш-тартыш жараткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG