Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Журналист Г.Павлюктун абалы абдан оор


Бул тууралуу “Азаттыкка” Алматы шаарындагы Геннадий Павлюк жаткан оорукананын дарыгерлери билдиришти. Казакстандын ички иштер министрлиги тергөө жүрүп жаткандыгына байланыштуу жабырлануучу тууралуу маалыматтарды таркатууга тыюу салгандыктан дарыгерлер Г.Павлюктун абалы тууралуу ачык айта албай турушат. Г.Павлюктун жубайы да күйөөсүнүн оор абалда, эсине келе албай атканын айтууда. Дарыгерлердин айтымында, жабырлануучунун мээ сөөгү абдан катуу жабыркаган, мээси катуу чайкалган, денеси ар кай жеринен оор жараланган.

Эскерте кетсек, кыргызстандык белгилүү журналист, “Белый Пароход” (Ак кеме) интернет-гезитинин түзүүчүсү Геннадий Павлюк шаршемби күнү Алматы шаарына жумуштары менен барып, эртеси күнү көп кабатты үйлөрдүн биринин түбүнөн оор абалда табылган. Кыргызстандын жарандык коомчулугунун атынан кечээ Алматыга барып келишкен адамдардын айтымында, Г.Павлюк колу-буту байланган абалда алтынчы кабаттан ыргытылган болуусу мүмкүн деген божомол иликтенүүдө.

“Ата-Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, ал Г.Павлюк менен биргеликте соңку кездери жаңы медиа долбоорун ишке киргизүүнүн үстүндө кызматташып жүргөн. Саясатчынын айтымында, Г.Павлюк менен болгон окуя анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болуусу толук ыктымал. (IJz)

XS
SM
MD
LG