Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Саакашвили Имеретинин губернаторун кызматтан алды


Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Имерети аймагынын губернатору Михаил Чоговадзени кызматтан алды. Мындан мурда Кутаисиде Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарына арналып тургузулган 25 метрлик эстеликти жардыруу маалында анын урандыларынан учкан бетон аралаш таш бир нече жүз метр жерге ыргып барып Джинчарадзе фамилиясындагы энеси менен анын 8 жаштагы кызына тийген болчу жана андан экөө тең каза табышкан эле. Президент М.Саакашвили Копенгагендеги сапарын кыскартып, өлкөсүнө кайтып келди. Бүгүн оппозиция Кутаисиде нааразылык жыйынын өткөрүп, эки адамдын каза табышына жана эстеликтин бузулушуна бийликти айыптады. Митингдер дүйшөмбүдөн тартып уланары айтылууда.

XS
SM
MD
LG