Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

Жейханга барчу куур бузулуп, мунай берүү токтоду


Ирактын түндүгүнөн Түркиянын Жейхан портуна тартылган мунай куурун бирөөлөр атайылап бузган үчүн мунай берүү токтотулду. Бул тууралу бүгүн Ирактын мунай өнөр жай министрлигинин өкүлү Ассем Жайхед билдирди. Анын айтымында куурдун тешигинен мунай көп агып кеткен, азыр оңдоо иштери башталууда. Окуя Багдаддан түндүккө карай 325 чакырым алыстагы жерде болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG