Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

Х.Карзай Ооганстандын жаңы өкмөтүнө ишенич артууда


Бүгүн Ооганстандын президенти Хамид Карзай өкмөттүн жаңы курамы коррупцияга каршы күрөшкө жөндөмдүү болот деп ишендирди. Ал сунуш кылынган 25 министрлердин жарымы жаңы адамдар экенин белгилеп, өкмөт эми Ооган элине ак кызмат кыларына ишеничин билдирди. Жаңы өкмөткө өлкөдөгү баардык улуттардын өкүлдөрүнөн алынды. Эми талапкерлер парламенттин элегинен өтүшү керек.

Мындан мурдарак НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен президент Х.Карзай түзүп, парламентке сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын колдой турганын билдирген. Расмуссендин атынан таратылган билдирүүдө ооган эли «чынчыл жана кесипкөй» өкмөткө ээ болууга татыктуу экени айтылып, кабинет эми коррупцияга каршы күрөштө өзүн көрсөтөөрүнө ишенич айтылган.

Сунуш кылынган министрлердин арасында Батыш өкмөткө кошулса деген адамдар да бар. Ал эми коррупциялык иштерге тиешеси бар делип келаткан эки министр жаңы өкмөттүн курамына киргизилген жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG