Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Грузияда эстелик жардыргандар камакка алынды


Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Имерети аймагынын губернатору Михаил Чоговадзени кызматтан алды. Мындан мурда Кутаисиде Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарына арналып тургузулган эстеликти жардыруу маалында анын урандыларынан учкан бетон аралаш таш эстелик жанында бараткан аял менен анын кызына тийип, андан экөө тең каза табышкан эле. Президент М.Саакашвили Копенгагендеги сапарын кыскартып, өлкөсүнө кайтып келди. Бүгүн оппозиция Кутаисиде нааразылык жыйынын өткөрүп, эки адамдын каза болушуна жана эстеликтин бузулушуна бийликти айыптады. Митингдер дүйшөмбүдөн тартып уланары айтылууда.

Ал арада Грузин прокуратурасынын акыркы маалыматы боюнча эстеликти жардыруу ишин аткарган компаниянын техникалык директору Автандил Дарсавелидзе баштаган ондой адам камакка алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG