Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Ирандык диссидент Аятолла улуу сапарга кетти


Диссидент Улуу Аятолла Хосейн Али Монтезари(солдо) жана Иран оппозициясынын азыркы лидери Мир Хосейн Мусави(оңдо) Кум шаарында. 1972-75-жылдар.
Диссидент Улуу Аятолла Хосейн Али Монтезари(солдо) жана Иран оппозициясынын азыркы лидери Мир Хосейн Мусави(оңдо) Кум шаарында. 1972-75-жылдар.

20-декабрда Иран жетекчилигин сындап жүргөн диниятчылардын бири - Улуу Аятолла Хосейн Али Монтазери 88 жаш курагында о дүйнө кетти.

Улуу Аятолла Хосейн Али Монтазеринин көз жумганын кабарлаган өкмөттүк ИРНА жаңылыктар агенттиги маркумдун диний даражасы жөнүндө маалымат берген жок.

Иран бийликтери Улуу Аятолла Монтазерини узатуу аземи бийликке каршы нааразылык акциясына айланып кетет деп кооптонууда.



Аятолла Монтазери менен Аятолла Хомейнинин чатагы

Реформачыл диниятчы Мохаммед Таги Фазел Мейбодинин “Азаттык” радиосуна айтышынча, Монтазери дүйнө шииттери эң кадыр барктуу деген жана Ирандагы адам укуктарынын көрөсөн коргоочусу саналган инсан болчу:

- Монтазери шиттер үлгү туткан адам эле... Ал адам укуктарына байланыштуу маселелерге өзгөчө чоң маани берген жана адам укугу дүйнөдө кандай абалда экенине кылдат көз салып турган. Монтазери жарандык укуктар жөнүндө жазган китептеринде ар бир жарандын жеке укугуна өзгөчө көңүл бурган. Адам укугун Монтазериден жакшы билген улуу аятолланы билбейм.

Аятолла Хаменейинин мураскери Аятолла Хомейни
1979-жылкы Ислам ынкылабынын архитектору эсептелген Монтазери Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Аятолла Рухалла Хомейинин мураскери болуп калмак.

Анткени Хомейни өлкөгө ыңкылапка удаа кайтып келгенче Монтазери анын Ирандагы өкүлү болгон. Ал эми өлкөдө диний бийлик орнотулгандан кийин өтө таасирлүү Сакчылар Кеңешинин төрагасы ирети Конституциясын жазууну жетектеген жана саясый таасири боюнча Хомейниден көп кем калышпаган. Бирок 1989-жылы Хомейни көз жумгандан мурдараак Ирандагы адам укугу жана Иран-Ирак согушунун жүрүшү боюнча аны менен Монтазери ортосунда чатак чыгат. Анын кесепетинен Хомейнин ордуна Ирандын руханий көсөмү болуп, Аятолла Али Хаменейи калат.

Монтазери эч тартынбай Аятолла Хаменейини диний билими тайкы, зордукчул бийлик жүргүзүүдө жана коопсуздук күчтөрүнө таянат деп, маал-маал сындаганы жалпыга маалым.

Монтезари бийлик душманына кантип айланды?

“Фарда” радиосунун редактору Мердад Мирдамади Коусанинин айтышынча, Монтезари үчүн ислам баалуулуктары дайыма саясый зарылчылыктан жогору турган:

- Аятолла атүгүл ислам адамдарга каршы күч колдонмокчу болгондо да анын жоболорун бекем тутуу зарыл экенин дайыма айтчу.

Монтезаринин мындай курч мүнөзү Ирандын диний жетекчилигине жакпады. Ал Ислам Республикасынын кемчиликтерин таанууга ачык үндөгөнү, Аятолла Хаменейини ыңкылаптын жетишкендиктерине жамынып, диктатура орнотууну көздөөдө деп сындаганы жана коомду либералдаштырууга чакырганы үчүн 1997-жылы диссидент жарыяланат. Кум шаарындагы диний мектеби жабылат. Өзү беш жылга үй камагына отургузулат.

Монтазери саясый камоолго алынганы менен шиит дүйнөсүндөгү аброюн жоготподу. Карылыкка моюн сунбастан президент Ахмадинежадды катуу сындап жүрдү жана аны экинчи мөөнөткө бийликке калтырган июндагы шайлоону калыс өтпөдү деп, оппозицияны колдоду. Диний төбөлдөргө шайлоодон кийинки толкундоолор жана “диктатордук башкаруу” бийликтин алмашуусуна алып барарын эскертти.

Монтазерини бул көзкарашы үчүн кээ бир реформачылар “оппозициянын руханий атасы” деп аташты.

Бийлик Монтазеринин арбагынан коркууда

Ирандык журналист Коусанинин сөзүнчө, Монтазери өлгөндөн кийин да Иран оппозициясына “дем берген туу боло берет” жана аны “диний бийлиги жана саясый тажрыйбасы жагынан эч ким Монтазерини алмаштыра албайт”.

Улуу Аятолла Хосейн Али Монтазери 21-декабрда Кум шаарында жайга берилет. Оппозициячыл Rahesabz.net сайтынын маалымдашынча, Тегеран университетинин студенттери Улуу Аятолланын каза болгонун угар замат, аны эскерүү зыяпатын башташкан. Орточул Parlemanntws сайты маркумдун миңдеген жактоочулары Кумга тажияга жөнөп кетишкенин маалымдады.

Кабарларга караганда, Иран бийликтери Улуу Аятолла Монтазерини узатуу аземи бийликке каршы нааразылык акциясына айланып кетет деп кооптонууда.

XS
SM
MD
LG