Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:39

Коомдук ордо кеңеш рэкетчилик боюнча жыйын курат


23-декабрда Коомдук ордо кеңеш мектептердеги рэкетчилик боюнча жыйын курат. Ага Жогорку Кеңеш, Билим берүү жана илим министрлиги жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. Жыйын соңунда Коомдук ордо кеңеш рэкетчилик көйгөйүн жоюу боюнча өкмөткө сунуш киргизет. Бул тууралуу “Азаттыкка” кеңештин басма сөз катчысы Санжарбеков Зулкайнаров билдирди. Айрым укук коргоочулардын белгилешинче, Кыргызстан мектептеринде рэкетчилик көрүнүшү күчөп, барган сайын ага кенже класс окуучулары кириптер болуп жатат. Акыйкатчы институтуна рэкет маселесине байланыштуу арыз менен кайрылган ата-энелердин саны да өсүүдө. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG