Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Камбар-Ата-2 гидротүйүнүндө коопсуздук күчөтүлдү


ГЭСтен 4 чакырым аралыктагы Кара-Жыгач айылынын тургундары 22-декабрда эртең менен көчүрүлөт. 2600 адам үчүн кыштактан 500 метр жогору жакка үч миң орундуу чатырлар тигилди. Ал жерде отун-көмүр, артисттер, дарыгерлердин тобу даяр турат. 22-декабрда саат 12 жарымда ГЭСтеги жардыруунун эпкини 800 метрдин тегерегине сезилиши мүмкүн. Алдын-ала изилдөөдө кыштактагы үч үй жашоого жараксыз болгон. Жардырууга акыркы даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу Токтогул районунун акими Таалай Чотоев билдирди. Гидротүйүнгө 100дөн ашык куткаруучу жеткирилди. Талдоочулар жардыруу зыянсыз болсо, кыштын суугунда элди көчүрүү жана Ош-Бишкек жолун жабуу туура эмес экендигин белгилөөдө. (YA)

XS
SM
MD
LG