Бул тууралуу Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев бүгүн Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети өткөргөн парламенттик угууда билдирди. Анын айтымында, бул каражат республикалык бюджеттен каржыланат. Ошону менен бирге отун-кубатка карата тарифтердин өскөндүгүнө байланыштуу социалдык жеңилдиктерди берүү жаатында 3 млрд. 400 млн. сом акчалай каражат, ал эми социалдык коргоо багытында 9 млрд. сом каралууда. “2010-жылга карата республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 52 миллиард сомго жакын, чыгаша бөлүгү 65,2 млрд. сомду түзөт. Салыктык киреше – 41 млрд. сом”, дейт А.Кожошев. Министрдин орун басары келерки жылдын бюджети Кыргызстанды өнүктүрүүгө жана калкты социалдык жактан коргоого багытталган мыйзам боло тургандыгын белгиледи. (КЕ)