Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Германия элчилиги саламаттыкты сактоо тармагына жардам берди


Германия элчилиги Улуттук госпиталдын пластикалык, реконструктивдүү микрохирургия жана сөөк хирургия бөлүмүнө 6 500 евролук жардам көрсөттү. Элчиликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Гүлнара Айтикееванын “Азаттыкка” билдиришинче, бөлүмгө кайрылган миңден ашуун оорулууга дарылоо жагына жана бөлүмдүн операциялык залын ремонттоого көмөк көрсөткөн. Бул жакыр жашаган адамдарга жардам берүүгө багытталган атайын долбоордун алкагында жүргүзүлүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG