Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Кытай Камбоджанын уйгурларды өткөрүп берүү чечимин колдоду


Шинжаң – уйгур автоном районунун борбору Үрүмчүдө быйыл жайдагы тополоңдордон кийин качып барган 20 уйгурду Камбоджа бийликтери кытай тарапка кайра ушул ишемби күнү өткөрүп берген. Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү бүгүн репатриация иммиграциялык мыйзамдын чегинде жүргүзүлгөнүн билдирди. Ал эми АКШ, Улуттар уюму жана Эл аралык мунапыс уюму Камбоджанын кадамын сынга алышты. Алар кытай тарапка берилүүчү уйгурлар катуу жазага кириптер болуусу мүмкүн экенин эскертишкен. Уйгурлардын четтеги уюмдарынын ырастоосунда, июль айындагы кагылыштардан кийин улутташтары массалык камоолорго кабылышты. Ал окуяларга байланыштуу Кытай бери дегенде 17 адамды өлүм жазасына кести.

XS
SM
MD
LG