Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

Иранда диссидент динаятчынын тажиясына миңдеген адамдар жыйналды


1979-жылкы ислам ыңкылабынын архитектору катары эсептелген, кийинчерээк өлкөнүн азыркы бийлигинин сынчысына айланган улуу аятолла Хосеин Али Монтезери жекшемби күнү 87 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Бүгүн болсо Кум шаарында аятолланы акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө катышуу үчүн миңдеген адамдар жыйналды. Кабарларга караганда, алар өкмөткө каршы ураан-чакырыктарды айтып жатышты.

Ирандык реформачылардын интернет сайтынын маалыматына караганда, аятолланын тажиясына оппозиция лидери Мехди Каруби менен Мир Хоссеин Мусави да катышты. Айрым оппозициячыл интернет сайттар диссидент динаятчынын тажиясы учурунда уруш чыгып кеткени тууралуу да маалымдашты. Бирок бул кабарды көз карандысыз булактар аркылуу тактоо мүмкүн болгон жок. Анткени чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн Кум шаарына барып, окуяны чагылдыруусуна тыюу салынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG