Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:17

Ош шаарында бир көчөнүн жашоочулары электр жарыгы жок отурат


Түштүк баш калаасындагы жазуучу Сулайманов атындагы көчөнүн тургундары “Азаттыкка” кабарлашынча, алар жашаган төрт-беш чакты көп кабаттуу үйлөр кечээтен бери электр энергиясыз калышты. Шаардыктардын тиешелүү ишканага жана калаа бийлигине кайрылуусунан майнап чыга элек, ушундан улам экинчи борбордун кышка даярдыгы начар окшойт деген күмөн саноолор арбыды. Жарыктын өчүрүү себебин такташтыруу максатында Ош шаардык электр тармактары ишканасына кайрылганыбызда, алар жооп айтуудан баш тартышты. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG