Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Орусия АКШ менен өзөктүк курал келишими боюнча сүйлөшүүнү келерки айда улантат


Бул тууралуу бүгүн орус тышкы иштер министрлиги маалымдады. Орусиянын тышкы саясий мекемесинин бүгүнкү билдирүүсүндө белгиленгендей, али бир нече маселелер макулдашылуусу керек, бирок Москва алар жакынкы келечекте чечилет деп күтүүдө. АКШ президенти Барак Обама өткөн жума күнү орус кесиптеши Дмитрий Медведев менен Копенгагенде, климат боюнча саммиттин учурунда жолукканда эки тарап Стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча мөөнөтү 5-декабрда бүткөн келишимди алмаштыруучу документти түзүүгө “ бир топ жакындап” калганын айткан болчу. АКШ президенти ага катар жаңы келишим “акыл-эске сыярлык” мөөнөттүн ичинде макулдашыларын белгилеген.

Барак Обама менен Дмитрий Медведев быйыл июлда, Москвадагы саммит учурунда эки өлкөнүн өзөктүк дүрмөттөрүнүн санын алдыдагы жети жылдын аралыгында 1500ден 1675ке чейин кыскартууну келишкен. Эми ошол макулдашуу жана аны ишке ашыруунун механизимдери учурда сүйлөшүлүп жаткан келишим долбоорунда каралуусу керек.

XS
SM
MD
LG