Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:05

Эл аралык мунапыс уюмуна жаңы жетекчи келди


Адам укуктарын коргоочу бул эл аралык таанымал бейөкмөт уюмдун жаңы башкатчысы болуп Салил Шетти дайындалды. Улуту боюнча индиялык Шетти акыркы жети жылдан бери БУУнун жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча “Миң жылдыктын өнүгүү максаттары” деген программасын жетектеп келген. Башкеңсеси Лондондо жайгашкан Эл аралык Мунапыс уюмунун 2 миллиондон ашуун мүчөсү бар жана ал дүйнөнүн 150дөн ашуун өлкөсүндө иш жүргүзөт. Жаңы башкатчы кызматына 2010-жылдын июнь айынан тарта киришет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG