Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Ооган парламенти министрлерди тандоону баштады


Ооганстан. Коргоо, Ички иштер, Финансы, Адилет жана Билим берүү министрлери парламентти өз программалары менен 21-декабрда тааныштырышмак.
Ооганстан. Коргоо, Ички иштер, Финансы, Адилет жана Билим берүү министрлери парламентти өз программалары менен 21-декабрда тааныштырышмак.

21-декабрда Ооган парламентинин төмөнкү палатасы президент Хамид Карзай сунуш кылган жаңы өкмөттүн курамын талкуулаганга киришти.

Президенттин тарапкерлери жана атаандаштары өкмөткө кайрадан эле мурда белгилүү адамдар кирип, жаңы эч ким кирбегенине

Президент Карзай 2006-жылы парламенттин каршылыгын жеңе албай министрге көрсөткөн бир нече адамын башка талапкерлерге алмаштырган.

тынчсызданууларын айтышууда. Ооганстандын конституциясына жараша өкмөт мүчөлөрүн төмөнкү палата - Волус Жирга бекитүүгө тийиш.

Вардактан башка да “колу таза” министр чыгабы?

Волуси Жырга жаңы өкмөт мүчөлөрүн талкуулап жатканда, бул мугалим ачык асман алдында балдарды окутуп жатты. Кабыл. 21-декабрь 2009
Волуси Жирга 21-декабрда Эл агартуу министрлигине сунуш кылынган Гулям Фарук Вардакты кычуусу канганча электен өткөрүштү.

Вардак да бош келбеди жана өз мал-мүлкү жөнүндөгү документти депутаттарга көрсөтө өкмөттүн бетине көө сүйкөгөн жемсөөлүктөн таза экенин айтты:

-Коррупция Ооганстандын саясый системасына жайылган. Мен бир мекеме тууралуу эмес, бүтүндөй система жөнүндө айтуудамын. Мен өзүм үчүн гана жооп берем. 25 жыл өкмөттүк кызматтарда жүрүп, коррупцияга аралашпадым деп сыймыктануу менен айта алам.

Президент Хамид Карзай сунуш кылган 23 министрдин он бири акыркы өкмөттө иштеген. Министрликке көрсөтүлгөн дагы эки адам да мурда өкмөттө иштеп кеткендерден.

Волуси Жирганын мүчөсү Кабир Ранбар “Азаттыкка” берген интервьюда Карзай тандаган адамдарга ичи толбогонун билдирди:

- Бул өкмөт эч нерсени өйдөлөй албасы жүзүндө жазылып турат жана купулубузга толбоду. Ооганстан согушту баштан кечирип, катаал кризис менен күрөшүп жатканда, биз күчтүү жана тайманбай аракеттенишибиз керек.

Карпайым оогандар жаңы өкмөт элге кам көрөт, президенттик шайлоо учурунда кеткен саясый-этникалык жиктешүүнү бүтөйт деп үмүттөнсө, эларалык коомчулук, өзгөчө, Ооганстандын донорлору Карзай казынага кол салып, кызматын кыянат пайдаланган министр-чиновниктерге каршы айоосуз чара көрөт деген тилекте.
Жаш жигит "Kabul Weekly" гезитин сатып жүрөт. Кабыл.


Хамид Карзай ички жана тышкы сынды жадында кармап, тыштан келген миллиондогон долларды менчиктеп алды деп айыпталып жаткан Диний иштер жана Кен байлыктар министрлерин жаңы өкмөткө киргизген эмес. 2006-жылы парламенттин каршылыгын жеңе албаган Карзай министрге көрсөткөн бир нече адамын башка талапкерлерге алмаштырган.

Бул ирет Рахин парламенттин “элегинен өтөбү?”

Карзайчыл депутат Малали Шинвари айымдын сөзүнчө, жаңы өкмөткө Ооганстандын бардык аймактарынын жана улуттарынын өкүлдөрү киргенин, алардын көпчүлүгү ишке дасыккан адамдар кирген. Бирок ал Батыш Гератты каалагандай калчай алчу Ысмайыл Хандын Суу чарба жана энергетика министи жана Саед Махлум Рахиндин Маалымадоо министри болуусуна каршы. Шинвари айым үч жыл мурда да мужахиддердин мурдакы командири Ысмайыл Ханды “өзү үчүн гана иштейт” деп, ага каршы добуш берген.

Рахин болсо беш жыл бою Маалымдоо жана мадният министири болуп иштеп, 2006-жылы парламенттин сынынан өтпөй калгандан кийин Индияга элчи болуп жөнөтүлгөн. Шинвари айымдын айтымында, Волу Жырга бул ирет Рахинди министрликке татыктуу деп тапса, шылдың болот:

- Рахин мен журналист болуп иштеп жүргөндө Маалымдоо жана маданият министри эле. Ал Ооганстандын археологиялык байлыктарын уурдоону токтуу үчүн эч нерсе жасабаганы үчүн Волеси Жырга ага ишеним көрсөтпөй койгон. Ошол эле Волеси Жырга эми Рахинди мурдакы кызматына бекитсе, маскара болот го.

Жаңы өкмөттүн мүчөлөрүн Ооган парламенти аптанын аягында колго салып, бекитүүгө тийиш. Карзай сунуш кылган министрлердин канчасы электен өтөт, аны апта соңунда билебиз.

XS
SM
MD
LG