Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

К.Жолдошев: Мени сабаган Б.Аланов эмес


Ош шаардык ички иштер башкармалыгы «Ош шамы» гезитининин кабарчылар түйүнүнүн жетекчиси Кубаныч Жолдошевди сабаган киши табылгандыгын жарыялады. Окуяга өзүн айыптуумун деп эсептеген 37 жаштагы Бектур Аланов, мурда төрт жолу соттолгон экен. Ал эми жабыр тарткан Кубанычбек Жолдошев 18-декабрда тергөөчү үч кишини шектүү катары көрсөткөндүгүн, бирок журналист алардын бирөө дагы кылмышка кымындай тишеси жоктугун, Бектур Аланов арык, илимийген киши экендигин билдирди. Кубаныч Жолдошев аны белгисиз үч жигит сабагандыгын, аларды кыймыл-аракетинен, үнүнөн тааный тургандыгын белгиледи.
Анын айтымында, шаардык милициянын жогорудагыдай кылмыш бетин ачуу аракети эптеп күнөөсүз бирөөнү айыпка жыгып, жоопкерчиликтен оңой кутулуунун аргасы. (AJ)

XS
SM
MD
LG