Бул тууралуу Адам укугун коргоочу эларалык уюм – Human Rights Watch – кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, быйыл 27-декабрда өтө турган парламенттик шайлоонун алдынан Өзбекстанда ондогон укук коргоочулар үй камагына алынып, шайлоо өткөнгө чейин өлкөдөн чыкпай турган болушту. Алты активисттин паспортторун тартып алышкан, бирөөсүн камакта урганы да айтылууда.