Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

СДП “Судьялар жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулайт


Бүгүн парламенттин СДП фракциясы Президент тарабынан сунушталган Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбооруна ылайык “Судьялардын макамы жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулайт. Бул боюнча Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиева доклад жасашы күтүлүүдө. Аталган фракция ошондой эле Баш мыйзамды өзгөртүү долбоору боюнча “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздоо жөнүндө” мыйзам долбоорун дагы талкуулайт. Бул тууралуу СДП фракциясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
14-декабрда Президент Жогорку Кеңешке Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жөнөткөн. Парламент аны 17-декабрда Конституциялык сотко жиберди. Эми Конституциялык сот үч айдан ашпаган убакыттын ичинде өзүнүн корутундусун берүүгө тийиш. (AJ)

XS
SM
MD
LG