Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

Сербия Евробиримдикке мүчөлүккө арыз берди


Арызды Сербиянын президенти Борис Тадич азыр Евробиримдикти жетектеп жаткан Швециянын премьер-министри Фредрик Рейнфелдге тапшырды. Сербия Босниядагы согуш үчүн шектелген босниялык сербдердин лидери Ратко Младич боюнча талапты аткара албагандыктан, Евробиримдикке мүчөлүккө алынбай келген. Бирок ушул айдын башында биримдиктин тышкы иштер министрлери Сербия менен Еврошаркеттин соода келишимине тоскоолдукту алып салышты, Бириккен улуттар уюмунун согуш кылмыштары боюнча башкы прокурору болсо Сербия сот менен жакшы кызматташып жатканын белгиледи. Ал аралыкта кечээ Евробиримдик Сербиянын бюджетине колдоо иретинде 50 млн.евро бөлө турганын жарыялады. 2010-жылы да ушунча эле көлөмдө акча берилет. Ага кошумча серб бюджети үчүн 200 млн.евро кредит катары да берилмекчи.

XS
SM
MD
LG