Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Жаштардын укук коргоо биримдиги мыктыларды аныктайт


24-декабрь күнү жаштардын укук коргоо биримдиги адам укуктары, жаштар арасында укук бузуулар маселесин талкуулайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” биримдиктин лидерлеринин бири Гүлшайыр Абдырасулова билдирди. Тегерек үстөлдө Акыйкатчынын жылдык отчетуна кошула турган параграф талкууланат. “Биз аймактарды да кыдырып, жаштар арасында адам укуктары маселесин иликтедик. Параграфта жаштардын, аялдардын, балдардын жана убактылуу кармоо жайындагы адамдардын укуктары тууралуу маалыматтар камтылган”, - дейт Г.Абдырасулова. Мындан сырткары жыйында жылдын мыкты укук коргоочусу, кызматкери жана журналисти аныкталат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG