Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Г. Павлюктун сөөгү Кыргызстанга алынып келди


Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун сөөгү Алматыдан Кыргызстанга бүгүн алынып келди. Аны менен коштошуу зыйнаты эртең, 24-декабрда Чолпон-Атада өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Аргументы и факты” гезитинин кабарчысы, журналисттин жакын досторунун бири Елена Мешкова кабарлады. Анын айтымында, Г.Павлюк кырсыкка кабылып, киши колдуу болорун алдын ала эле билген. “Алматыга кетээрден мурда үй-бүлөсүнө мурас катын жазып калтырган. Ал чын-тамаша иретинде кокус өлүп калсам деп айтып кеткен экен”, - дейт Е.Мешкова.

“Белый Парус” басылмасынын редактору, кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк 17-декабрда Алматыда оор абалда табылган бойдон ооруканада эсине келбей кечээ таңда кайтыш болгон эле. Укук коргоо органдары журналист атайын кол салуунун натыйжасында өлтүрүлдү деген божомолду дагы иликтеп жатышат. Журналистти Алматыда көп кабаттуу үйдөн колу-бутун таңып туруп ыргытып жиберишкен деген маалыматтар айтылууда.(КЕ)

XS
SM
MD
LG