Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:43

Медиа-уюмдар президентке кайрылуу жолдоду


Медиа-уюмдун өкүлдөрү журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу президент Курманбек Бакиевдин, премьер-министр Данияр Үсөновдун жана ЖКнын төрага орун басары Чолпон Баекованын атына кайрылуу жолдошту. “Биз, Кыргызстандагы ММКны өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо жаатында иш алып барган коомдук уюмдун жетекчилери, журналисттик коомчулуктун өкүлдөрү белгилүү кыргыз журналисти Г. Павлюктун трагедиялуу өлүмүнө терең кайгыруубузду билдиребиз. Мындан эки жыл мурда киши колдуу болгон “Сиесат” гезитинин редактору Алишер Саиповдун, журналист Алмаз Ташиевдин ур-токмокко кабылып каза болушу, “Репортер Бишкек” гезитинин саясий баяндамачысы Сыргак Абдылдаевдин, “Ош шамы” гезитинин кабарчысы Кубаныч Жолдошевдин ур-токмокко кабылышы жана башка фактылар ММКга жасалган кысым, басым болууда. Муну бир гана журналисттерге эмес, жалпы Кыргызстандын коомчулугуна эскертүү деп кабыл алсак болот. Бирок расмий тараптар иликтөө иштеринде алардын ишмердүүлүгү менен тиешеси жок деген тыянак чыгарып жатышат. Муну менен ар бир журналисттин конституциялык укугу бузулуп жатат”, - деп жазылат кайрылууда.

Ошондой эле 2009-жылы ММК өкүлдөрүн токмоктогон 10 факт катталгандыгы, барган сайын журналистика кесиби абдан коркунучтуу болуп баратканы айтылган. Кайрылууга онго жакын медиа-уюмдар кол койгон. Кайрылуу ээлери бийликтен натыйжалуу жана өз убагында иликтөө жүргүзүүнү талап кылышкан. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG